​Туулбай жатып, чуу коштогон “КТ Мобайл”

  • 5 лет мурун

Мобилдик байланыш тармагына киребиз деп кам уруп жаткан жаңы компания «КТ Мобайлдын» иши башталбай жатып чуу менен коштолду.

Бул компанияны «Кыргызтелеком» ачып, буга чейин ал ээлик кылган жыштыктарды пайдалануу укугу аукциондо сатылган болчу. Бул аукционго «Скай Мобайл» («Билайн» уюлдук оператору) жана «Альфа Телеком» ЖАКсы («Мегаком» уюлдук оператору) катышып, «Альфа Телеком» утуп алган болчу.

Жыйынтыгында эки компаниянын ортосунда келишим түзүлүп, «КТ Мобайлдын» жыштыктарын пайдалануу үчүн «Альфа Телеком» 345 млн сом бериши керек эле.

Бирок «КТ Мобайлдын» өз алдынча уюлдук оператор болуп рынокко кирүүгө даярданып жатканы «Альфа Телеком» экөөнүн ортосунда келишпестиктерди жаратты.

Интернет айдыңында бул компания иштебей жатып, анын жетекчилери 5 миң доллардан айлык алып жатканы талкууну жаратты.

Маселен, «КТ мобайлдын» жетекчисинин орун басары Эрназар Рысалиев 300 миң сом айлык алары, буга чейин ММКларда «серый кардинал» катары сүрөттөлүп келген Иманкадыр Рысалиевдин уулу экени бул талкууларды андан беш бетер кызытты.

Буга чейин “Саясий санжыра” рубрикабызда Иманкадыр Рысалиев премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин бажасы болорун өзү тастыктаган болчу. Эми талкууларда «КТ Мобайлды» Иманкадыр Рысалиев калкалайбы деген пикирлер айтылып жатат.

Бул боюнча Иманкадыр Рысалиевге кайрылганыбызда уулу андай өлчөмдө айлык албасын айтты:

​Туулбай жатып, чуу коштогон “КТ Мобайл”

— Ооба, Эрназар менин уулум. «КТ Мобайл» компаниясында иштейт, айлык алып жатышат. Бирок, андай суммада эмес. 26 киши иштеп жатат, ишке киргизебиз деп аракет кылып жатышат. Калганын өзүнөн сурап алгыла, мен билбейм да.

“Азаттыкка” берген маегинде Иманкадыр Рысалиев «КТ Мобайлдын» ишине киришип, аны коргоого алып жатканы жөнүндө сөздөрдү төгүндөдү:

—Эгер «КТ Мобайл» 100% «Кыргызтелекомго», мамлекетке караштуу болуп жатса бул жерде менин кандай кызыкчылыгым болмок эле? Мен «КТ Мобайлдын» директорун деле тааныбайм, бул компанияга кымындай да тиешем жок. «Кыргызтелекомдо» да иштебейм. Ооба, мурда төрт жолу министр болгом. Бирок азыр эч кандай мамлекеттик кызматта эмесмин. Болгону өкмөттүк эмес «Ачык өкмөт» улуттук форумунун катчылыгын жетектеп жатам. Мени «КТ Мобайлга» жабыштырып, «көмүскө башкаруучу» дешкени карандай калп.

Ал эми Асылбек Жээнбековго эч качан кеңешчи болгон эмесмин. Ал Жогорку Кеңешти жетектеп турганда мен Парламент аралык ассамблеянын эл аралык институтун жетектеп тургам. Мени анын башчылыгына Асылбек Жээнбеков эмес, Орусиянын Федерация Кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко Санкт-Петербург шаарында бекиткен. Ошол учурда болгону Жогорку Кеңешке кирип-чыгып туруш үчүн «спикер Жээнбековдун кеңешчиси» деген эле күбөлүк берип турушкан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты