​Момбеков: «Паспорт иши менен камалгандар “Сулууларга суктанууга акым бар” дегендей эле болбодубу

  • 5 лет мурун

Бүгүн, 17-апрелде, парламент жыйынында депутат Рыскелди Момбеков Баш прокурор Өткүрбек Жамшитовго паспорт иши боюнча жооптуу кызматкерлердин камалышы канчалык мыйзамдуу экени тууралуу суроо узатты.

—Эки күн мурун Мамлекеттик Каттоо кызматынын эки жетекчиси, орун басары, “Инфоком” мамлекеттик ишканасынын жетекчиси камакка алынды. Булардын камалышы канчалык мыйзамдуу? –леп суроо салды Момбеков.

Өткүрбек Жамшитов ага минтип жооп берди:

—Тергөөчү өз алдынча кызмат адамы, ал өз чечимдерин кабыл алат. 48 саатка камайм десе, анын укугу. Ал жогорудагы кызмат адамдарын 48 саатка камаган. Эгер алардын айыбын угузса, далил жетиштүү болсо, анда кылмышка шектүү деп кабарлоо беребиз, -деди.

Рыскелди Момбеков Улуттук Коопсуздук Комитети бул иште 253 млн сом зыян келген деп “урдуруп” жатпайбы? –деди.

Баш прокурор тергөөнүн жыйынтыгы менен гана жооп берээирн айтты.

Депутат бул иште зыян аныкталган эместигин, “кол салган” менен “көз салгандын” айырмасы бар экенин, булар “Сулууларга суктанууга акым бар” деген эркектерге окшоп жатканын, сулууларга суктанууга акысы бар эркектердин баарын камап саласыңарбы? –деди.

Баш прокурор Момбековдун юморун түшүнбөй, “көз кыскандарга” түшүнбөй калганын, “мыйзам талабы ошондой” экенин айтты.

Паспорт иши боюнча «Инфоком» ишканасынын жетекчиси Талант Абдуллаев, Мамлекеттик каттоо кызматынын статс-катчы Данияр Бакчиев, Каттоо кызматынын төрагасынын орун басары Руслан Сарыбаев камакка алынган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты