Кышы катаал Нарын облусунда электр энергиясын керектөөнүн лимити жогорулатылды

  • 2 недели мурун

Энергетика министрлигижергиликтүү тургундардын кайрылуусунан кийин Нарын облусунда электр энергиясын керектөө лимитин көбөйтүү тууралуу чечим кабыл алды.Нарын облусунда кыш оор болуп, электр энергиясына сурооталап эң жогору болгон убакытка карата электр энергиясын керектөө лимити 5 кВт саатка чейин жогорулады

Министрликтин айтымында, буга чейин белгиленген лимит 189 648 кВт·сааттан 264 312 кВт·саатка чейин жогорулатылып, электр энергиясын көбүрөөк көлөмдө берүү жана аймактын энергокамсыздоосун турукташтыруу камсыздалды.

Нарын облусу боюнча көмүрдүн баасы 5 500 сомдон ашпайт, ал эми кара алтындын жалпы запасы 3 миң тоннадан ашык. Анын ичинен болжол менен 1,5 миң тоннасы «Кыргызкөмүр» компаниясынын социалдык отун базаларында топтолгон.

Сүрөт: Энергетика министрлиги

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты