1-апрелден тартып электр энергиясына киргизилген чектөөлөр алынат

  • 2 месяца мурун

2026-жылдын 1-апрелинен тартып эртең менен жана кечки сааттарда электр энергиясын пайдаланууга киргизилген кубаттуулук чектөөлөрү алынат. Бул тууралуу энергетика министрлиги билдирди.

Эске салсак, буга чейин Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмүнүн азайышына байланыштуу жана өлкө боюнча өндүрүлгөн электр энергиясын бардык керектөөчүлөргө тең жана үзгүлтүксүз жеткирүү максатында убактылуу чектөөлөр киргизилген.

Тактап айтканда, электр энергиясын керектөө эң жогору болгон убакыттарда — эртең менен саат 06:00дөн 09:00гө чейин жана кечинде 18:00дөн 22:00гө чейин кубаттуулук төмөндөтүлгөн.иАга ылайык, бир фазалуу керектөөчүлөр үчүн кубаттуулук 5 кВттан 3 кВтка чейин; үч фазалуу керектөөчүлөр үчүн кубаттуулук 8 кВттан 5 кВтка чейин түшүрүлгөн.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты