Агартуу министрлиги электр энергияны үнөмдөө чараларын киргизди

  • 3 недели мурун

Министрлер кабинетинин 2025-жылдын 5-ноябрындагы электр энергиясынын тартыштыгын азайтуу максатында кабыл алынган №949 тескемесине ылайык, билим берүү уюмдарында энергияны үнөмдөө чаралары киргизилди.

«Окуу процесси аяктагандан кийин (бардык сабактар бүткөн соң) 60 мүнөттөн кечиктирбестен, тазалоо иштери бүткөндөн кийин электр менен камсыздоо өчүрүлүүгө тийиш. Имараттын иштешин жана сакталышын камсыз кылуучу инженердик системалар жана жабдуулар бул чектөөгө кирбейт. Бул талаптар окуучулардын жашоо-тиричилигин камсыз кылуучу объектилерге жана мекемелерге (жатаканаларга) колдонулбайт» деп айтылат маалыматта.

Иллюстрациялык сүрөт6 Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты