Соңку беш жылда электр энергиясын керектөө 25%дан ашкандыгы айтылды
- 4 недели мурун
Соңку беш жылда электр энергиясын керектөө 25 пайыздан ашкан. Статистикалык маалымат боюнча, электр энергиясын керектөө 2020-жылда 15,4 млрд кВт саат болсо, ал 2025-жылдын акырына карата 19,3 млрд кВт саатка чейин жеткен.
Бул тууралуу президенттин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү Бакыт Төрөбаевдин төрагалыгы алдында энергетика тармагындагы инвесторлор, өнөктөштөр жана мамлекеттик органдардын жетекчилеринин катышуусунда жыйында айтылды.
Акыркы беш жылда электр энергиясын керектөө 25 пайыздан ашкан. Статистикалык маалымат боюнча, электр энергиясын керектөө 2020-жылда 15,4 млрд кВт саат болсо, ал 2025-жылдын акырына карата 19,3 млрд кВт саатка чейин жеткен.
Ошол эле учурда жаңы генерациялык кубаттуулуктарды киргизүүнүн темпи суроо талаптын өсүшүнөн артта калууда.
Кыргызстанда күн, шамал электр станцияларын жана гидроэлектростанцияларды куруу иштерин жүргүзүп жаткан жана куруу этабында турган компаниялардын маселелери каралды.
-Албетте, энергетика тармагындагы инвесторлордун өлкө экономикасынын өнүгүүсүнө кошкон салымы жогору. Кээ бир инвесторлор объектилерди курууда жана ишке киргизүүдө тездик менен ишти натыйжалуу ишке ашырууда. Ошол эле учурда, айрым компаниялар өзүнүн милдеттерин аткарбай жатканы бул мамлекеттин же тармактын кызыкчылыгына туура келбейт,- деди Бакыт Төрөбаев.
“Учурдагы электр энергиясын керектөөнүн темпи уланса, ал 2030-жылга карата 25 млрд кВт саатка жетиши мүмкүн. Ошол себептүү, мындай шартта биздин алдыбызда стратегиялык тапшырманы аткаруу максаты турат” деп белгиледи Төрөбаев.

Сүрөттөр: gov.kg




