«Ата мекенчилердин» митинги башталды

  • 5 лет мурун

Бүгүн, 23-апрелде, «Ата Мекен» партиясы Жогорку соттун алдында митингди башташты.

Алар бүгүн Жогорку сотто иши кайра каралып жаткан саясий лидери Өмүрбек Текебаевдин бошотулушун талап кылышат.

Ошондой эле «Ата мекенчилерге» Жогорку сотто иши каралып жаткан Садыр Жапаровдун тарапташтары да кошулган.

Митингде аймактардан келген активисттер сүйлөп жатышат.

Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотонов коррупция беренеси менен айыпталып, үй-мүлкүн конфискациялоо менен сегиз жылга эркинен ажыратылган.

Садыр Жапаров киши барымтага алуу беренеси боюнча 11 жыл 6 айга эркинен ажыраткан.

«ПолитКлиника» медиасынын фейсбук баракчасынан митингди түз эфирде көрүңуздөр.

Сүрөттөр: «ПолитКлиника»/ Ырыс Кылычбек кызы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты