​Аалы Карашев: “Уран кенин иштетсек, анын залалы түбөлүккө калат” (Видео)

Кызыл-Омполдо уран кенин иштетүү боюнча азыркы күндө эл арасында нааразылыктар күчөп жатат. Жогорку Кеңештин депутаты Аалы Карашев Кыргызстанда уран кенин иштетүү боюнча парламент жыйынында 4-апрелде бул маселени кабыргасынан койгон.

Төмөндө Аалы Карашевдин парламенттеги сөзүн келтире кетели:

— Бүгүнкү күндө элде нааразылыктар күчөп жатат, жалпыга маалымдоо каражаттарында да айтылууда.

Азыр бизге да кайрылуулар келип жатат. Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарынын, Тоң районунун, Нарын облусунун Кочкор районунун ж.б. эл Кызыл-Омпол уран кенин иштетүү боюнча абдан каршылык көрсөтүп жатат.

«50-60 жыл мурун жабылган кендин кесепетин азыр да көрүп жатабыз»

—Кыргызстанда биз уран кенин иштетип да көргөнбүз. Мындан 50-60 жыл мурун жабылган кендер. Бирок ошонун кесепетин бүгүнкү күнгө чейин көрүп келе жатабыз. Майлы-Суудагы, Миң-Куш, Кажы-Сай ж.б. уран кен калдыктарын сактоо боюнча эл аралык уюмдардан акча алып, бүгүнкү күнгө чейин жаба албай, анын шарттарын сактай албай келе жатабыз.

Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети лицензияны берип жатканда ойлонбойбу? Бизге жаңы кендин канчалык кереги бар?

«Туристтер Боомдон эле кайрылып кетет»

—Биздин сыймыгыбыз, берметибиз Ысык-Көл деп айтабыз. Эгер уран кени иштетилип калса, туризм тууралуу сөз кылуунун кажети болбой калат.

Боомго кирип келатканда радиациялык фонду көргөндө эле туристтер кайра кайрылып кетишет.

Лицензияны берет деп эле бере берсек кандай болот? Уран кенин иштетүү түбөлүккө залалын тийгизиши мүмкүн.

Эл акыйкат маселени көтөрүп жатат. Өкмөт бул маселени кылдат караш керек,- деди депутат Карашев.

Айта кетсек, Кызыл-Омполдо уран кенин иштетүү боюнча эл арасында нааразылыктар күч алууда.

«UrAsia in Kyrgyzstan» ЖЧКсына Кызыл-Омпол лицензиялык аянтында геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүүгѳ 2010-жылы лицензия берилген.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты