​Уран казып алуу кандай ыкма менен жүргүзүлөт?

  • 5 лет мурун

Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети Ысык-Көлдүн Тоӊ районунун жана Нарындын Кочкор районунун аймагына кирген Кызыл-Омпол тоосундагы уран-торианит чачылмалары боюнча маалымат берди.


Буга чейин Ысык-Көл менен Нарын облусунун тургундары уран кенин казууга каршы экенин бир нече жолу билдиришкен. Андан сырткары, социалдык тармактарда элди уран кенин иштетүүгө каршы үгүттөгөн бир нече аудио, видео билдирүүлөр тарап жатат. Аталган маселе Жогорку Кеңеште да көтөрүлгөн.

Берилген маалыматка ылайык, Кызыл-Омпол уран-торианит чачылмаларынын топтому 1951-жылы ачылган, батыш тарапта, Кыргыз кырка тоосунун чыгыш акырынын бѳлүгү Кызыл-Омпол тоосунда жайгашкан.

Административдик жагынан аталган чачылмалар Ысык-Көл областынын Тоӊ районуна жана Нарын областынын Кочкор районуна кирет.

«UrAsia in Kyrgyzstan» ЖЧКсына Кызылмпол лицензиялык аянтында геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүүгѳ 2010-жылы лицензия берилген.

Компаниянын негизги изилдѳѳ объекти Таш-Булак чачылмасы болуп эсептелет.

Аныкталган запастары: уран 3,5 миӊ тонна, торий- 8,54 миӊ тонна, фосфор — 10 миӊ тонна, цирконий — 34 миӊ тонна жана титан-магнетит — 1,6 млн. тонна түзѳт.

Уран-торианит чачылмалары жердин бетинде жайгашкан, азыркы учурда жердин бетинин жалпы радиациялык фону 40тан 80ге мкР/саат, айрым бѳлүмдѳрдѳ 130-150 мкР/саат чейин түзѳт.

Радиоактивдик кумдардын негизги массасы кесиктин (разрездин) ѳйдѳнкү бѳлүгүндѳ 25 метр тереңдикте турат.

Кандай ыкма менен казылат?

Ѳйдѳнкү катмарларды иштетүү радиоактивдик кумдарын алып чыгаруу үчүн радиациялык фондун жалпы деңгээлин тѳмѳндѳтѳт.

“Компания сунуштаган Таш-Булак чачылмасынын иштетүү ыкмалары – кумдарды гравитациялык жол менен тазалоо экологиялык таза ыкма, айландырылган техникалык сууну колдонуу бурамалуу сепарация ыкмасы. Эч кандай реагентттер, техникалык суудан башка колдонулбайт», — деп айтылат билдирүүдө.

Казып алынган радиактивдүү кум Кара-Балта тоо-кен комбинатына кайра иштелип чыгууга жөнөтүлөт, гидрометаллургиялык процесстен кийин уран, торий, титаномагнетит, цирконий жана пятиокись фосфор элементтери пайда болот.

Бардык тазаланган материал бир жерге салынып, рекультивацияланып, анын ордуна жайыттарды калыбына келтирүү үчүн топурак-ѳсүмдүк катмарын калыбына келтирилет жана кѳп жылдык чѳптѳр отургузулат.

КонцентраттарКыргыз Республикасынын кооптуу жүктү ташуу техникалык регламентине ылайык, радиоактивдүү коопсуздукту сактаган атайын контейнерлерде темир жол менен ташылат.

Кенде кумду тазалап турган жылдырылма модуль иштеп турат. Фабрика салынбайт, иштеп чыгуу процесстери Кара-Балта комбинатында жүргүзүлөт.

​Уран казып алуу кандай ыкма менен жүргүзүлөт?




Кандай суммадагы каражат кетет?

Таш-Булак кенин иштетүү программасына жалпы 10 млн АКШ доллардан кем эмес акча каражат сарпталат.

Кенди иштетүүдө жергиликтү эл үчүн 200-220 жумуш орун ачылат, Кара-Балта комбинатында болсо 500дөн ашуун жумушчу эмгектенет. Программа Кара-Балта тоо-кен комбинатын 25 жыл иштетүүгө белгиленген.

Маалымдама:

» Кыргызстандагы ЮрАзия » ЖКЧсы чалгындоо прораммасына жалпысынан 271 млн сомдон ашык акча каражат сарптайт.

Компания —Ысык-Көл областынын Тоң районунун ири салык төлөөчүлөрүнүн катарында.

2012- жылдан тарта Кыргыз Республикасынын Социалдык Фондуна 23 милион сомдон ашуун акча каражат которгон, Тон районунун Салык салуу мамлекеттик башкармалыгына 10 миллион сом салык төлөгөн.

Компания Лицензияны кармап туруу үчүн төлөмдү- 32.2 миллион сомду Тоң районун Көк-Мойнок айыл өкмөтүнө которгон жана 13.3 миллион сом Кочкор районунун Семизбел айыл өкмөтүнө которгон.

Кошумча, Лицензияны кармап туруу үчүн компания2012-2018 жылга карата 30 млн сом төлөп жатат.

Азырку учурда чалгындоо иштерин 112 киши жүргүзүүдө, алардын ичинен 90 киши -жергиликтүү эл.

Сүрөттөр жана видео интернеттен алынды.


Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты