Каналга чөгүп кеткен беш жашар бала изделүүдө

  • 5 лет мурун


Ат-Башы каналына 15-апрелде чөгүп кеткен баланы издөө улантылып, кошумча күчтөр тартылууда.

Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Жыйында министр Нурболот Мирзахметов бул окуя боюнча издөөгө кошумча күч тартууну тапшырды.

Министрдин орун басары К.Ахматов кырсык болгон жерде издөө иштерин көзөмөлгө алууда. 108 куткаруучу тартылган.

Казакстандын Жамбыл областынын өзгөчө кырдаалдар департаменти менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү.

Кошуна өлкөнүн куткаруучулары да издөө иштерине тартылууда.

Бүгүнкү күнү Чүй дарыясынын Константиновка тилкесинде суунун көлөмү 85 м3/с куб. Мындай жагдай суучулдарга издөө гө кыйынчылык жаратууда.

Айта кетсек, 2014-жылы туулган бала Чүй облусунун Аламүдүн районунун Константиновка айылындагы Ат-Башы каналына чөгүп кеткен.

Сүрөт: ӨКМ

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты