Каналга чөгүп кеткен беш жашар баланы издеп жатышат
- 5 лет мурун
Ат-Башы каналына чөгүп кеткен баланы издөөгө 15-апрелде 99 киши тартылды.
Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.
Айта кетеск, Чүй облусунун Аламүдүн районунун Константиновка айылында 11-апрель күнү саат 18:25 чамасында 2014-жылы туулган . Б.Б. аттуу бала Ат-Башы каналына чөгүп кеткен.
Издөөгө 99 куткаруучу тартылган. Издөө иштери Константиновка айылынан Камышановка айылына чейин жүргүзүлүүдө (Ат-Башы каналы жана Чүй дарыясында ), Аламүдүн жана Сокулук району камтылат.
Сүрөт: Өзгөчө кырдаалдар министрлиги.
Муну бөлүшүү