Балкондон кулап, ооруканада жаткан наристенин абалы оор

  • 1 месяц мурун

Саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов балкондон кулап жабыркаган, 2022-жылы туулган кыз дарыланып жаткан шаардык «Тез жардам» клиникалык балдар ооруканасына барды.

Маалыматта айтылгандай, наристе өтө оор абалда ооруканага жаткырылган, жандандыруу бөлүмүндө жатат, жасалма дем алдыруу аппаратына туташтырылган.

Дарыгерлердин маалыматына ылайык, балкондон кулаган анристе көптөгөн жаракаттарды алган.

Профилдик адистердин, анын ичинде нейрохирургдардын, травматологдордун, жаак-бет жана көкүрөк хирургдарынын катышуусунда консилиум өткөрүлдү.

Министр бейтаптын абалы менен жеке таанышып, консилиумга катышты. Медициналык жардам толук көлөмдө көрсөтүлүүдө.

4-апрелде кечке жуук Бишкектеги “Жал” кичи районунда көп кабаттуу үйдөн эки баласы менен аял кулап кеткен. 27 жаштагы аял эки жаштагы баласы менен ошол жерде жан берген. Төрт жаштагы наристе кыз ооруканага жеткирилген.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 128-беренеси (“Өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү”) менен кылмыш иши козголгон. Кылмыш ишине шектелип,  1992-жылы туулган М.А. аттуу жаран кармалган.

Сүрөт: Саламаттык сактоо министрлиги

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты