Бишкек шаарында 6 жашар балага иттер кол салган окуя иликтенүүдө
- 1 месяц мурун
Бишкек шаарында 1-апрелде болжол менен саат 17:37де нөөмөт бөлүмүнө «Калыс-Ордо-2» жаңы конушунун квартал башчысы 5 жаштагы балага иттер кол салганы тууралуу маалыматты билдирген.
Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы кабарлады.
Маалыматта айтылгандай, окуя болгон жерге милиция кызматкерлери жөнөтүлүп, барган учурда маалымат тастыкталган.
Жергиликтүү тургундарды сурамжылоонун жүрүшүндө жабырлануучу 2019-жылы туулган У.А. аттуу бала экени жана «Калыс-Ордо-2» жаңы конушунда жашаары аныкталган.
Баланы жакындары өз автоунаасы менен ооруканага алып жөнөгөндө, жолдон туристтик кайгуул ротасынын командири Тимурлан Кулназаровго кайрылып, бала ооруканага милиция кызматкерлеринин машинеси менен жеткирилген. Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, териштирүү жүрүп жатат. Иттердин ээси аныкталып, иттер атылган.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан




