​Сасык тумоо менен ооруп жатканда коронавирус жукпайт деген маалымат далилдене элек (Фактчекинг)

19-сентябрь күнү “1prime.ru” сайтында “адам сасык тумоо менен ооруп жатканда коронавирус жукпайт”,- деген маалымат жарыяланган. Бул тууралуу вирусолог Петр Чумаков билдирген.

​Сасык тумоо менен ооруп жатканда коронавирус жукпайт деген маалымат далилдене элек (Фактчекинг)

ПолитКлиника медиасы бул маалыматты текшерип көрдү.

Коронавирус пандемиясы башталгандан бери, бир топ окумуштуулар Covid-19 менен сасык тумоонун симптомдорунда окшоштуктар болсо да, айырмалоо мүмкүн экенин айтып келишет. Алсак, Covid-19 учурунда адам жыт сезүү жана даам сезүү сыяктуу мүмкүнчүлүктөрүнөн ажыраса, сасык тумоо учурунда бул дээрлик кездешпейт.

Эки изилдөөнүн эки башка жыйынтыгы

Организмдин бир убакта коронавирус жана сасык тумоо менен ооруп калышы мүмкүн экендиги тууралуу эки теория айтылып келет.

1-Адам эки вирус менен бир убакта ооруп калышы мүмкүн

2020-жылы апрель айында, “Jama Network” журналында эки вирус менен бир убакта ооруп калуу мүмкүн экендиги тууралуу изилдөө жарыяланган. Анда, 1217 адамдын үлгүлөрү изилденип, арасынан 20%ы Covid-19 дан тышкары дагы бир вирус менен ооруганы аныкталган.

​Сасык тумоо менен ооруп жатканда коронавирус жукпайт деген маалымат далилдене элек (Фактчекинг)

Изилдөөдө бейтаптар эң көп 6,9%га чейин грипп жана коронавирус бир убакта ооруганы айтылган.

Ошондой эле россиялык бир топ окумуштуулар да, бир убакта сасык тумоо жана коронавирус менен ооруп калуу ыктымалдуулугу бар экенин айтышкан.

Бирок бул тууралуу андан кийинки изилдөөлөр жарыяланган эмес.

2- Эки вирус менен бир убакта ооруп калуу ыктымалдуулугу жокко эсе

Биринчи теориянын карама-каршысын шотландиялык окумуштуулар изилдеп чыгышкан. Glasgow университетинин эпидемиологдору лабороториялык шартта адамдын дем алуу жолдоруна сасык тумоо (реновирустук таякчалар) жана коронавирусту жуктурушкан. Натыйжада сасык тумоону пайда кылган вирус Covid-19 га караганда 24 саат мурун организмге кирип, көбөйө баштаган. Ошондой эле жаңы организмге кире баштаган коронавирустун кирүүсүнө да тоскоолдук жараткан.

Аталган изилдөөнү жүргүзгөн Пауло Марсия:

«Көрүнүп тургандай, риновирус коронавирусту басат, ал эми сасык тумоо мезгилинде коронавирустун инфекциясы азыраак болот», —деп билдирген.

Мындан сырткары, сасык тумоодон кийин адамдын иммунитети вирустарга каршы алсыз болуп калгандыктан коронавирус менен ооруп калуу коркунучу жогору экени айтылат.

Ал эми Бүткүл Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо уюму, эки вирустун бир убакта жугуп калуу ыктымалдуулугу жөнүндө расмий билдирүү тараткан эмес.

Жыйынтык: Адамдын бир убакта сасык тумоо жана Covid-19 менен ооруп калуу коркунучу бар экени изилденген. Бирок, азыркы убакка чейин бул талаштуу маселе боюнча калууда. Анткени Бүткүл Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму бул маселе тууралуу официалдуу билдирүү тарата элек.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты