​Вакцина алган аскерлер өлүп жатышат деген маалымат жалган. Видео узак машыгуудан кийин тартылган

8-сентябрь күнү Twitter социалдык тармагында АлексАНдр С.Но аттуу колдонуучу “Индия. Аскерлерди эмдөө…эсин жоготуу…жарымы бир канча сааттын ичинде өлдү…” деген жазуулары менен видео киргизген.

​Вакцина алган аскерлер өлүп жатышат деген маалымат жалган. Видео узак машыгуудан кийин тартылган

Бул видео комментарийлерде талкууга алынып, көпчүлүк кайсы вакцина тууралуу сөз болуп жатканын да сурашкан.

ПолитКлиника медиасы бул маалыматты текшерип көрдү.

Алгач белгилеп кетүүчү нерсе, АлексАндр С.Но аты менен кирген колдонуучу өзүнүн постторунда covid-19дун вакциналары менен биргеликте пандемия жана ага байланыштуу киргизилген эрежелерге каршы видео жана сүрөттөрдү пропагандалап киргизип турат.

​Вакцина алган аскерлер өлүп жатышат деген маалымат жалган. Видео узак машыгуудан кийин тартылган

​Вакцина алган аскерлер өлүп жатышат деген маалымат жалган. Видео узак машыгуудан кийин тартылган​Вакцина алган аскерлер өлүп жатышат деген маалымат жалган. Видео узак машыгуудан кийин тартылган

Алардын арасында такталбаган видеолор менен катар, эмдөөдөн кийинки магниттин денеге жабышуусу сыяктуу фейк маалыматтар да бар.

Эми видеону текшерип көрөлү. Бул видеонун кадрын Google платформасына салып кайтарым издөө кылып көрдүк. Ал август айынын аягынан баштап Fcebook, Twitter социалдык тармактарында ар кайсы колдонуучулар тарабынан байма-бай бөлүшүлүп келинген.

Видео узакка созулган машыгуудан кийин тартылган.

Ал эми алгачкы жолу 21-август күнү инстаграмга @defencequad деген баракчасына бөлүшүлгөнүн көрүүгө болот. Анда жогоруда сөз болуп жаткан видео киргизилип, астына: Патханкоттун жанындагы уюшулган жана көзөмөлдөнүүчү машыгуу иш-чарасында, аба ырайынын катаал шарттарына байланыштуу, бир аскер өлүмгө дуушар болду жана бир нече адам госпитализацияланды. Жабыркагандар тыкыр көзөмөлгө алынып, керектүү медициналык жардам көрсөтүлүүдө,”-деп жазылган.

​Вакцина алган аскерлер өлүп жатышат деген маалымат жалган. Видео узак машыгуудан кийин тартылган

Аталган баракчанын башына “Индиянын куралдуу күчтөрү” деп жазылып, аскерлердин жана жана спортчулардын машыгуулары киргизилип турат.

Твиттер тармагында дагы бул видео индус колдонуучулары тарабынан: “узак убакытка созулган машыгуу учурунда аба-ырайынын ысыгынан улам бир нече аскер эсин жоготуп, бирөө каза тапты,”-деген сөздөр менен киргизилген.

Белгилей кетчү нерсе, Патханкот Индиянын Пенджаб штатында жайгашкан шаар. Мында аскерий база жайгашкан.

Бул видео социалдык тармактарда тараган соң, Индиянын жаңылык сайттарынын бири Еditorji маалымат тараткан.

​Вакцина алган аскерлер өлүп жатышат деген маалымат жалган. Видео узак машыгуудан кийин тартылган

Анда: “Ишемби күнү индия-пакистан чек-арасына жанаша жайгашкан Пенджабдын Патханкот районунда аскерий окутуу учурунда чоң окуя катталды. Бир аскер адамы каза болуп, бир нечеси аскерий ооруканага госпиталзацияланды. Билдирүүгө ылайык, мында офицерлер жана кичи офицерлер окуу бөлүмүндө үйрөтүүдөн өтүп жатышкан. Аскерлердин машыгуусу учурунда аба-ырайы ысык болуп, нымдуулук да жогору болгон. Чуркоо учурунда 20дай адам ысыктан улам эс-учун жоготкон, бирөөсү жеринде каза болгон. Машыгууга 11 офицер, 10 командир жана башка рангдарга тиешелүү 120 аскер катышкан. Бүгүнкү күндө 10 аскер дале ооруканада жатат,”-делет маалыматта.

Бул тууралуу англис тилдүү Indian Express гезитинде да айтылат. Машыгуулар аба-ырайынын катаалдыгына карабай, 72 саатка уланып, бул окуя саат эртең мененки 9дар чамасында 10 кмлик оор курал жарактар менен чуркоо учурунда болгону кошумчаланган. Аскерий база менен байланышылганда жергиликтүү офицер маалыматты тактап, учурда жабырланучуларга медициналык жардам көрсөтүлүп жатканын билдирген.

Демек, видеодогу аскерлердин абалы ысык аба-ырайындагы узак машыгуулар менен түшүндүрүлөт, ал эми социалдык тармактарда көп бөлүшүлгөн бул видеонун мааниси бурмаланган.

Жыйынтык: Эмдөөдөн кийин Индия аскерлери бир канча сааттын ичинде өлүштү деген маалымат жалган. Видео узак убакытка созулган машыгуудан кийин тартылган.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты