​»Бикард» жеке клиникасына абактагы дагы бир экс-чиновник жаткырылды

  • 3 года мурун

«Кумтөр» иши боюнча УКМКнын тергөө абагына камалган Президенттик аппараттын мурдагы башчысы Данияр Нарымбаев «Бикард» жеке клиникасына жаткырылды.


Эске сала кетсек, экс-премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 2 айдан бери «Бикардда» дарыланууда.

Андан мурун бул жеке менчик клиникага «мыйзамсыз байыган», коррупцияга шектелген Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов дагы жатып чыккан.

«Кумтөр» боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында Данияр Нарымбаевден тышкары, мурдагы премьер-министр Өмүрбек Бабанов, ЖК депутаттары Асылбек Жээнбеков, Төрөбай Зулпукаров жана экс-депутат Исхак Пирматовдор УКМКнын СИЗОсуна эки айга камалган.

Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты