​3 шаардык кеңешке шайлоо башталды

  • 3 года мурун

Бүгүн, 11-июль, эртең мененки саат 8де Бишкек, Ош жана Токмок шаарларында шаардык кеңештердин депутаттарын шайлоо башталды.

Ага ылайык, депутаттык мандаттар добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын 7 пайыздан ашык добушун алган саясий партиялар арасында бөлүштүрүлөт.

3 шаардык кеңештеги депутаттарды кайталап шайлоого 26 партия катышып, бардыгы 2204 адам талапкер болушту.

Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматы боюнча, шаардык кеңештердин депутаттарын кайталап шайлоонун акыркы тизмесине 617 миң 517 шайлоочу киргизилген.

Бишкек АШКда 426 699 (69%) шайлоочу, Ош АШКда 152 718 (6%) жана Токмок АШКда 38 100 шайлоочу (25%) катталган.

Эске сала кетсек, Бишкек, Ош жана Токмок шаарларындагы 11-апрелде болгон шаардык кеңештердеги шайлоодо массалык мыйзам бузуулар орун алгандыгына байланыштуу, БШКнын чечими менен аталган шаарлардагы добуш берүүнүн жыйынтыктары жокко чыгарылган.

Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты