​​Садыр Жапаровго ыйгарылган “Ардактуу профессор” наамы кандай критерийлер менен берилет?

10-июнь күнү, Кыргыз Республикасынын президентинин расмий сайтында өлкө башчы Садыр Жапаровго Түркиянын Экономика жана технология университети тарабынан “Ардактуу профессор” наамы ыйгарылды деген маалымат жарыяланган.

Бул социалдык тармактын колдонуучулары арасында түрдүү пикирлерди жараткан.

​​Садыр Жапаровго ыйгарылган “Ардактуу профессор” наамы кандай критерийлер менен берилет?

ПолитКлиника медиасы, “Ардактуу профессор” наамы кимдерге жана кандай критерийлер менен берилээрин карап көрдү.

Түркияда “Fahri Doktora” (ардактуу профессор) наамы 1934-жылы кабыл алынган жарлыкта бекитилген. Аталган наамды берүүнүн негизги критерийлери катары:

-өз өлкөсүнө жана адамзатка кызмат кылган;

-Илим жолунда ийгиликтүү болгон жана эл аралык деңгээлде илимдин өнүгүшүнө салым кошкон адамдарга бериле турганы белгиленген.

“Ардактуу профессор” наамы Түркиянын Жогорку окуу жайлары тарабынан сунушталган жана комиссия тарабынан макулдашылган адамдарга берүү каралган. Ал эми Кыргыз Респуликасынын президенти Садыр Жапаровго Эл аралык мамилелерге салым кошкондугу үчүн берилгени айтылган. Буга чейин, “Ардактуу Профессор” наамы Түркиядагы ар кандай тармактагы адамдарга жана башка өлкөнүн президенттерине да берилип келген. Мисалы: Түркия Республикасынын президенти Режеп Тайип Эрдоган башка мамлекеттердин жана Түркиянын университтери тарабынан 50 гө жакын “Ардактуу профессор” наамын алган.

Алсак, 2018-жылы Түркия президенти Режеп Тайип Эрдоган Кыргызстанга расмий иш сапары менен келген убакта, ошол кездеги өлкө башчы Сооронбаай Жээнбеков экөөнө Кыргыз-Түрк “Манас” университети тарабынан “Ардактуу профессор” наамы ыйгарылган.

​​Садыр Жапаровго ыйгарылган “Ардактуу профессор” наамы кандай критерийлер менен берилет?

“Ардактуу профессор” сыйлыгын берүү дүйнө жүзүндө кеңири колдонулуп келет. Анын максаты, эмгекти баалоо жана мотивация берүү экени айтылып келет.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты