​Талибан кыймылы кыргыз менен тажикке согуштун кесепеттерин эскертти

  • 3 года мурун

Көп жылдан бери Афганистандагы бийликти талашып келе жактан “Талибан” кыймылы Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы чыңалган кырдаалга баа берип, эки өлкөнү маселени сүйлөшүү жолу менен чечүүгө чакырды.


“Талибан” кыймылынын басма сөз катчысы Забухулла Мужохид тараткан маалыматта:

“Эки бир тууган, ислам өлкөлөрүн маселени тынчтык жолу менен чечүүгө чакырабыз. Согуштун зыяны боюнча бизде чоң тажрыйба бар. Согуштун башталышы жеңил-желпидей көрүнүшү мүмкүн, бирок иш жүзүндөгү согуштун жүрүшү, кесепеттери, жоготуулар абдан чоң болот” – деп жазылган.

Эске сала кетсек, «Талибан» кыймылы дүйнөнүн көп өлкөлөрүндө, анын ичинде Кыргызстан менен Тажикстанда да террористтик уюм катары таанылган.

Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы чек ара чыры ушул жылдын апрель айынын акырында, май айынын башында кадимки согуштук абалга жеткен.

Быйылкы жылдын эсебинен эки өлкө ортосундагы экинчи жаңжал, кечээ жакында эле, 4 – июнда болду.

Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты