​120 депутат 2022-жылга чейин иштейт деген маалымат чындыкка дал келбейт (Фактчекинг)

1-июнь күнү, “AKYIKAT.KG” сайтында Жогорку Кеңештин 6-чакырылышынын депутаттары дагы бир жыл парламентте иштей турганы тууралуу маалымат жарыяланган. Анда, 2021-жылдын күз айларына белгиленген парламеттик шайлоо өлкөдөгү экономикалык кризистен жана саясий абалдан улам кийинки жылга калтырылганы айтылган.

ПолитКлиника медиасы бул маалыматты текшерип көрдү.

Бир жылга узарган депутаттык мандаттар

Кыргыз Республикасынын мыйзамы боюнча, Жогорку Кеңештин депутаттары 5 жылдык мөөнөткө шайланат. Азыркы учурда парламентте иштеп жаткан 6-чакырылыштын депутаттары официалдуу түрдө кызматка 2015-жылдын 15-октябрында киришкендиктен, алардын иштөө мөөнөтү 2020-жылдын 15-октябрында бүтүшү керек болчу.

Бирок, 2020-жылдын 4-октябрында өткөрүлгөн парламенттик шайлоонун жыйынтыктары бир катар мыйзам бузуулардан улам жокко чыгарылгандыктан, 6-чакырылыштын депутаттарынын мөөнөтү узартылган. Аталган мыйзам долбоору 22-октябрь күнү коомдук талкууга коюлуп, үч окуу менен бир отурумда кабыл алынган.

Мыйзам долбоорунда, 2011-жылы кабыл алынган “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө мыйзамынын 38 жана 63-беренелери токтотулган. Ошондой эле, Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоо 2021-жылдын 1-июнунан кечиктирилбестен жарыяланаары жазылган. Бирок, азыркы убакка чейин 7-чакырылыштын депутаттарын шайлоо качан болоору тууралуу маалымат бериле элек.

Белгилей кетсек, Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндөгү жарлык Кыргыз Республикасынын президенти тарабынан чыгарылат. Буга чейин өлкө башчы Садыр Жапаров Казакстандын “КазАкпарат” маалымат агентствосуна берген маегинде Кыргызстанда Парламенттик шайлоо күз айларында өтө турганын айткан.











“6-чакырылыштын депутаттары 2022-жылга чейин иштей албайт”

Буга чейин, Жогорку Кеңештин депутаттарынын мөөнөтүнүн 1 жылга узаруусу мыйзамсыз экенин бир катар эксперттер жана юристтер айтып келишкен.

Ал эми, азыр иштеп жаткан Жогорку Кеңештин депутаттарынын 2022-жылга чейин иштейт деген маалымат чындыкка дал келбей турганын Борбордук Шайлоо Комиссиясынын шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы Төлөгөн Ороскулович билдирди.

“Незизи депутаттарды шайлоо президенттин жарлыгы менен дайындалат. Азырынча качан дайындайт белгисиз. Ошондой эле жаңы Конституция боюнча мыйзамдарга да өзгөртүүлөр киргизилиши керек. Бул процесстер бүткөндөн кийин шайлоо өткөрүлөт. Мыйзам боюнча шайлоо бул жылы сөзсүз өткөрүлүшү керек. Ал эми, депуттаттык күбөлүктөр берилди деген маалымат туура эмес”, — деди.

Жыйынтык: 6-чакырылыштын депутаттары дагы бир жылга иштөө мөөнөтүн узартты деген маалымат чындыкка дал келбейт.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты