Фактчекинг: Мыйзам бузган партиялар кайра шайлоого катыша алышат

“Улуу-Журт” партиясынын мүчөсү Анарбек Катаганов шайлоодон четтетилген партиянын мүчөлөрү гана эмес, партия толук бойдон алынышы керектигин билдирди. ПолитКлиника медиасы мыйзамдуулугун текшерип көрдү.

Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы шаардык кеңешке болгон шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарган. Буга «Эмгек», «Ак Бата», НДПК партияларынын шайлоо мыйзамдарын бузганы себеп болгон.

19-апрель күнү, шаардык кеңешке катышкан партиялар маалымат жыйынын уюштурушкан. “Улуу-Журт” партиясынын мүчөсү Анарбек Катаганов “Шайлоодон четтетилген партиянын кандидаттарды эмес, партияларды алыш керек. Партия ар бир кандидат үчүн жоопкерчилик алыш керек”, — деп билдирген.

Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндөгү мыйзамдын 39-беренесинде кайталап шайлоо тууралуу жазылган. Берененин экинчи бөлүгүндө партиялар эме,с мыйзам бузган талапкерлер кайрадан көрсөтүлүшү мүмкүн эместиги айтылат.

Ал эми аталган мыйзамдын үчүнчү бөлүгүндө шайлоо жараксыз деп табылса, кайталап шайлоого катышууну каалагандыгын билдирген талапкерлердин, саясий партиялардын арасында жүргүзүлөрү жазылат.

Борбордук шайлоо комиссиясы бир айда Президент тарабынан Бишкек, Ош, Токмок шаардык кеңештерине кайрадан шайлоо жарыялаш керектигин билдирген.

Жыйынтык: Кайталап шайлоого мыйзам бузган партиялар катыша алышат.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты