​Вакциналардын коронавирус менен ооруп айыккандан кийинки симптомдорду айыктыра турганы далилдене элек (Фактчекинг)

10-май күнү, Юрий Челбаков аттуу Twitter колдонуучусу Covid-19 менен ооруп айыккандан кийин пайда болгон симптомдорду вакцина алуу менен жеңсе болоорун жазып чыккан.

ПолитКлиника медиасы бул маалыматты текшерип көрдү.

“Узак мөөнөттүү” же “Пост Covid синдрому” деп аталган термин алгач коронавирус менен ооруп айыккан адамдардын арасында жана ЖМКларда колдонула баштаган. Адатта, Covid-19 илдети менен ооруп айыккандардын организминдеги симтомдор 1-2 жума аралыгында жоголуп кетээри аныкталса да, кээ бир бейтаптарда бул 3 жумадан 5 айга чейин созулат.

Бүткүл Дүйнөлүк Саламаттыкты Сактоо уюмунун маалыматына ылайык, “Пост Ковид” синдрому коронавирус менен ооруп айыккан 20% дан ашык бейтапта кездешип, кооптуу болгону аныкталган.

Швейцариялык “Annals of Internal Medicine” журналына жарыяланган изилдөөдө , “Пост ковид” синдрому амбулатордук дарылоодон өткөн адамдарда көбүрөөк кездешип, дем алуунун кыйындашы, депрессия, чарчоо, эс тутумдун начарлашы сыяктуу симптомдор менен коштолот.

Вакцина коронавирустун симптомдорун дарылайт деген божомолдор бар

14-март күнү, Улуу Британиялык окумуштуулар вакцинация “узак мөөнөтүү COVID” менен ооруган адамдарга жардам бериши мүмкүн деген изилдөөнү жарыялашкан. Изилдөөдө, COVID-19 илдетинин симтомдорунан 8 айга чейин айыга албаган 66 бейтапка мониторинг жүргүзүлгөн. Натыйжада вакцина алган бейтаптардын 23% пайызы дем алуунун кыйындашы сыяктуу симптомдор жоголгонун билдиришсе, эмдөөдөн өтпөгөн бейтаптарда мурдагы симптомдор күчөп кеткени байкалган.

Ал эми, Америкалык “Surviver Crops” институтунун жүргүзгөн изилдөөсүнө ылайык, пост ковиддик синдромдордон жабыркап, вакцина алган 600 респонденттин ичинен 19,47% пайызы организминде өзгөрүү болбогонун, 14% пайызы абалы начарлаганын ал эми 32% пайызы ооруулардан айыкканын билдиришкен.

Бул боюнча, Йель университетинин иммунологу Акико Ивасаки, азыркы учурда вакциналар коронавирустун узакка созулган симптомдоруна каршы эффективдүү экени далилдене элек экенин, бирок эмдөө аркылуу терс натыйжаларды азайтуу мүмкүн экенин билдирген:

“Вакцина иммундук системага организмде калган вирус менен күрөшүүгө жана анын калдыктарын тазалоого жардам берет. Мындан сырткары,эмдөө зыяндуу иммундук реакцияны токтотуп, организмдин коронавирус менен ооруп калуудан сактагандыктан, бул бизге чоң үмүт берүүдө. Негизинен вакцина узак мөөнөтүү коронавирустун бардык симтомдорунан сактай албаса дагы аларды жеңилдетүүгө жардам берүүдө” -деп белгилеген.

Ал эми Бүткүл Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо уюму, коронавирустун узак убакытка созулган симпомдорун даарылоо жолдору изилденип жатканын жана азыркы учурда жетиштүү далилдер жок экенин жарыялаган.

Жыйынтык: Вакцинанын коронавирустун өнөкөт симптомдоруна каршы натыйжалуулугу толук түрдө далилдене элек.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты