​Акылбек Жапаров: «Мамлекеттин менчигине 106 тонна алтынды кайтардык»

  • 3 года мурун

«Кумтөр» боюнча түзүлгөн мамлекеттик комиссиянын төрагасы Акылбек Жапаров Кыргызстан биринчи жолу «Кумтөрдөн» 4 млрд. 252 млн. 800 мин доллар талап кылып, 106 тоннадан ашык алтынды мамлекеттин менчигине кайтарып алганын айтты.


4 миллиард 252 миллион доллардын: 3 миллиард 86 миллион доллары экологиялык зыян үчүн, 1 миллиард 166,5 миллион доллар салык катары түшпөй калган зыяндар экенby Акылбек Жапаров айтты:

«Парламент тарабынан түзүлгөн мамлекеттик комиссиянын аракети менен биз калдык сактоочу жайда турган 106 тоннадан ашуун алтынды мамлекеттин менчигине өткөрүп бердик. Ушул убакка чейин президенттер жана премьер-министрлер «Кумтөр», «Жерүй» сыяктуу кендерибиздеги биздин алтындарды сатып келишкен» деди.

Бишкектин Октябрь райондук соту «Кумтөр Голд Компани» компаниясын мамлекетке 261 миллиард 719 миллион 674 сом төлөөгө милдеттендирген.

Фото: Интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты