Сот «Кумтөр Голд Компани» компаниясын 262 млрд. сом төлөөгө милдеттендирди

  • 3 года мурун

Бишкектин Октябрь райондук соту «Кумтөр Голд Компани» компаниясын мамлекетке 261 миллиард 719 миллион 674 сом төлөөгө милдеттендирди. Бул тууралуу Жогорку соттун маалымат кызматы кабарлады.

Сот «Кумтөр Голд Компани» ишканасынын Кумтөр кенин иштетүүдөн чыккан калдыктарды Давыдов жана Лысый мөңгүлөрүнө жыйып келгенин мыйзамсыз деп тапкан. Дээрлик 262 миллиард сомго жеткен негизги суммадан тышкары сот компаниядан 1 миллиард 308 миллион 653 миң 370 сом мамлекеттик алым өндүрүүнү чечкен.

Маалыматта ишкананын үстүнөн сотко Ысык-Көлдүн тургундары арызданганы айтылат. Жергиликтүү жашоочулар «Кумтөр Голд Компани» Кыргызстандын экологиялык мыйзамдарын бузду деп даттанган. Мөңгүлөргө чыгарылган 1 миллиард 200 миллион тонна калдыктан 183 миллион куб муз талкаланганы белгиленди.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты