​Жеңиштин 76 жылдыгына карата Бишкекте митинг-реквием өттү

  • 3 года мурун

Бишкек шаарында Жеңиш аянтында Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 76 жылдыгына арналган митинг-реквием өттү.


Мамлекет башчы Садыр Жапаров Түбөлүк отко гүл коюп, Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорду бир мүнөт аза күтүү менен эскерип, таазим кылды.


Митинг-реквиемге Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов, Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов, Жогорку соттөрайымы Нургүл Бакирова, экс-президенттер Роза Отунбаева менен Сооронбай Жээнбеков катышты.

Бир мүнөттүк аза күтүүдөн кийин борбор калаанын Жеңиш аянтында залп атылып, Кыргыз Республикасынын гимни жаңырды.

Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты