Нооруз-2024: “Ала-Тоо” аянтында майрамдык иш-чара өтөт

  • 1 месяц мурун

Бишкек шаарынын мэриясы «Нооруз-2024» жаз майрамына арналган майрамдык программа даярдаганын билдирди.

Быйыл жаз майрамынын урматына 20-марттан 22-мартка чейин бир катар иш-чаралар өткөрүлөт.

Ала-Тоо борбордук аянтында бул күндөрү көргөзмө, мастер-класстар, спорттук оюндар, ошондой эле улуттук тамак-аш менен тамактануу аянтчалары уюштурулат.

20-мартта саат 13:00дө Ала-Тоо аянтында улуттук спорт оюндары башталат. Саат 14:00дөн 22:00гө чейин шаардыктарга концерттик программа тартууланат.

21-мартта саат 09:00дө Ала-Тоо аянтында майрамдык иш-чара өтөт.

21-мартта саат 12:15тен 22: 00гө чейин шаардыктарды эстрада жылдыздарынын катышуусунда концерттик программа күтөт.

22-мартта саат 10:00дө Улуттук спорттук оюндар башталат. Саат 14:00дөн 22: 00гө чейин шаардыктарды концерттик программа күтөт.

Иллюстрациялык архивдик сүрөт. Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты