​Бишкекте мобилдик клиникаларды тапшыруу иш-чарасы өттү

  • 3 года мурун

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 5-майда, өлкөнүн алыскы райондорунун жашоочулары үчүн саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигине беш мобилдик клиниканы тапшыруу аземине катышты.


Иш-чарага саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев, Норвегиянын «NORMEKA AS» компаниясынын жетекчиси Ян Карлсен жана медицина кызматкерлери катышты.

Мамлекет башчысына маалымдашкандай, Ислам өнүктүрүү банкы «Фаель Хайр» программасынын алкагында бир катар мусулман өлкөлөрүнүн айылдарына айрымдуулук катары мобилдик клиникаларды алып берген.

Кыргызстан бул долбоор ишке ашырылган биринчи өлкө болду. Ислам өнүктүрүү банкы бул долбоорду ишке ашыруучу катары тендер аркылуу Норвегиянын «NORMEKA AS» компаниясын тандап алган.

Бул компания мобилдик клиникаларды чет өлкөлүк заводдордо өндүрүп, Кыргызстанга жеткирген.

Мобилдүү клиниканын ичинде врач үчүн кабинет, анализ жүргүзүү үчүн лаборатория, компьютердик томограф жана маммограф, операциялык блок, рентген-шайманы, гастроскоп, мобилдүү скрининг борбору жана башкаруу борбору бар.

Ошондой эле мобилдик клиниканын курамында калкты ташуу үчүн Mercedes-Benz Sprinter кичи автобустары, анын ичинде C класстагы тез жардам унаасы бар.

Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты