​Human Rights Watch: чек арадагы окуялар иликтенүүгө тийиш

  • 3 года мурун

Human Rights Watch уюму кыргыз-тажик чек ара жаңжалында 41 киши каза тапканын белгилеп, аскер мыйзамын бузгандыгы үчүн күнөөлүүлөр жоопко тартылышы керек экендигин билдирди.

Катта “Чек ара кагылышууларында кеминде 41 адам, алардын арасында жаш кыз миномет огунан каза болуп, жүздөгөн адамдар жаракат алышты.

ЖМК Кыргызстандын Баткен районундагы Көк-Терек айылындагы 17 үйдүн бардыгы, Лейлек районундагы бир нече айыл өрттөлгөнүн же талкалангандыгын көрсөтүүдө. Кыргыз бийлиги мектептер да өрттөлгөнүн, алардын алтоосу учурда эвакуацияланган адамдар үчүн убактылуу баш калкалоочу жай катары колдонулуп жаткандыгын билдирди.

Бейшемби күндөн бери социалдык тармактарда тараган сүрөттөрдө жарандык кийимчен куралдуу тажик жарандары өрттөнүп жаткан үйлөрдү кыдырып, бульдозер менен дубалдарды талкалап жаткандыгы тартылган. Эки видео тең Кыргызстан аймагында тартылганы кабарланган.

Миномет, артиллерия жана ракета менен атылган жарылуучу куралдардын так эместигинен улам узак аралыкка чейин жетет. Эгерде согуш аракеттери улана берсе, анда эки мамлекеттин куралдуу күчтөрү эл көп жашаган аймактарда ири өлчөмдө кыйратуучу жарылуучу куралды колдонуудан алыс болушу керек. Чек арадагы кагылышууларга карата колдонулуучу согуш мыйзамдары тараптардан жарандык өмүрдү коргоо үчүн үйлөрдү, мектептерди жана медициналык мекемелерге тийбөөнү талап кылат. Ырайымсыз кол салууга тыюу салынат”,- деп жазылат.

Ошондой эле ондогон үйлөрдүн өрттөлүшү жана жарылуучу куралдын кеңири колдонулгандыгы жөнүндө кабарлар Кыргызстан менен Тажикстанда жарандардын курман болушун жана жарандык мүлктүн жок болушун тез арада иликтөөгө түртүшү керектигин билдиришти.

Human Rights Watch- дүйнөнүн 70тен ашуун өлкөсүндө адам укуктарынын бузулушун көзөмөлдөө, иликтөө жана документтерин жүргүзүүчү өкмөттүк эмес уюм.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты