​Кыргыз-тажик чек арасы боюнча эки өкмөттүк делегация сүйлөшүүлөрү башталды

  • 3 года мурун

Баткен облусунда кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациялардын сүйлөшүүлөрү башталды.

Бул тууралуу КР өкмөтүнөн басма сөз кызматы билдирди.

Кыргыз Республикасынын делегациясын – Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев, ал эми Тажикстан Республикасынын делегациясын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Саймумин Ятимов жетектейт.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар түзүлгөн кырдаалды жана кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы конфликтти жөнгө салуу боюнча мындан аркы аракеттерди талкуулайт.

Азыр кыргыз-тажик чек арасында кырдаал курч бойдон тургандыгын чек ара кызматы блдирди.

28-апрелде кыргыз-тажик чек арасында чыр чыгып, 29-апрелде да уланган. Баткен жана Лейлек райондорунда атышуу болуп, үйлөр жана имараттар өрттөлдү. Соңку маалыматка караганда,каза болгондордун саны 31ге жетти. Кыргыз-тажик чек арасында ар кандай жаракат алган 154 адам — ооруканада. Алардын 23ү — күч структураларынын аскерлери.

Сүрөт: gov.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты