​Камчыбек Ташиев тажик кесиптеши менен жолукту. Кечке чейин кырдаал толук жөнгө салынаарын айтты

  • 3 года мурун

УКМК башчысы
Камчыбек Ташиев тажик тараптын чакыруусу менен Тажикстандын УКМК башчысы Саймумин
Ятимов менен жолугушту.


Камчыбек Ташиев нейтралдуу аймакта өткөн сүйлөшүү жемиштүү болгонун,
буйруса бүгүн кечке чейин кырдаал толук жөнгө салынаарын айтты.

Буга чейин Камчыбек Ташиев кырдаалдан кабар алуу үчүн чогулган жүздөгөн баткендиктер менен жолугуп, «Алардын бир да метри жери бизге
кереги жок, бирок биз дагы бир метр жерибизди бербейбиз. Биздин күчүбүз дагы, мүмкүнчүлүктөрүбүз дагы жетиштүү» — деген.

Ошондой эле «Өрттөлгөн үйлөрдү, мүлктөрдү калыбына келтиребиз, бирок өмүрү кыйылган жарандарыбызды кайтара
албайбыз. Бизге азыр кырдаалды тынч жайгаруу жана тынчтык керек. Адамдарыбыздын
өмүрү керек. Ошондуктан чагымчылдыкка алдырбай, тартипти сактап
берсенер», — деп жергиликтүү элден
суранды.

Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты