Өкмөт башчылары Казанда кыргыз-тажик чек арасындагы абалды талкуулады
- 3 года мурун
Кыргызстан премьер-министри Улукбек Мариповдун Тажикстан премьер-министри Кохир Расулзода менен пландаштырылбаган эки тараптуу жолугушуусу Казань шаарында өттү.
Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Жолугушуунун жүрүшүндө эки өлкөнүн өкмөт башчылары кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасында түзүлгөн кырдаалды талкуулады.
Тараптар эки республиканын чек арасындагы конфликттик абалды сүйлөшүү жолу аркылуу тез арада чечүүгө толугу менен даярдыгын билдирди.
Эки өлкөнүн премьер-министрлери чек ара маселелерин чечүүдө күч ыкмаларын колдонууга жол берилбеши тийиштигин жана мындан ары карай чыр-чатакты ырбатууга жол бербөө максатында ыкчам чараларды кабыл алуу зарылдыгы боюнча бирдиктүү пикирин билдиришти.
Буга чейин Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин алкагында, бүгүн, үстүбүздөгү жылдын 29-апрелинде, Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин жыйыны соңунда, Казань шаарында Кыргыз Республикасынын премьер-министри Улукбек Мариповдун жана Тажикстан премьер-министри Кохир Расулзоданын мурда пландаштырылбаган эки тараптуу жолугушуусу өтөрү мерчемделгени кабарланган.
28-апрелде башталган кыргыз-тажик чек арасындагы чатак ырбап отуруп, бүгүн куралдуу кармашка өткөн. Кыргыз-тажик чек ара чатагынан 31 адам жабыркап, 1 адам кайтыш болду.
Кыргызстан менен Тажикстан 29-апрелде саат 20:00дөн баштап ок атышууну токтотуп, аскер күчтөрүн мурдагы жайгаштырылган жерлерине алып кетүү жөнүндө макулдашты.