Тажикстан менен Ворухту байланыштырган жалгыз жолду тосуп алышты

  • 3 года мурун

Кыргыз – тажик чек арасындагы жаңжал басыла элек. 29 – апрель күнү Баткен районунун Ак-Сай айылындагы Төрт-Көчө аймагындагы жолду Тажикстандын жарандары тосуп алып алышкан.

Бүгүн түштөн кийин кыргыз тарап дагы жооп кылып, Тажиксан менен Ворух анклавын байланыштырган Ак-Сай – Ворух жолун тосуп, эч кимди өткөрбөй жатышат. Бул Тажикстан менен анклавдын ортосундагы жалгыз жол.

Эске сала кетсек, кыргыз – тажик чек арасындагы жаңжал 28 — апрель күнү түшкө жуук башталган. Тажикстан жарандары «Головной» суу бөлүштүрүүчү жайынын жанындагы электр мамыларына видео көзөмөл камераларын орнотуп баштаганда кыргыз чек арачылары токтотуп калышкан. Эки тараптан эл чогулуп, бири-бирине таш ыргытышкан.

Фото: turmush.kg сайтынан алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты