​COVID-19: Сутка ичинде 305 адам жугузуп, 6 адам көз жумду

  • 3 года мурун

Коронавирус илдети кайрадан күч алды. 15-апрелге карата сутка ичинде 305 адам жуктуруп, 6 адам каза болду.

Учурда баардыгы болуп 2 149 адамдан COVID-19 илдети аныкталып, алардын 1 миң 10у бейтапканаларда, 1 миң 139у үй шартында дарыланууда. 35 бейтап өтө оор, 263 оор абалда. Бир сутка ичинде оору 12 медицина кызматкерине жукту.

Аймактар боюнча эң көп учур Бишкек шаарында катталды:

Бишкек шаары – 186;

Чүй облусу – 89;

Ысык-Көл облусу – 12;

Ош облусу – 7;

Талас облусу – 4;

Жалал-Абад облусу – 4;

Баткен облусу — 2;

Нарын облусу – 1;

2020-жылдын март айынан бери Кыргызстанда COVID-19 илдетин 91 миң 144 адам жуктуруп алган.

Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты