​Фактчекинг: Протокол добуштар эсептелинип бүткөндөн соң түзүлөт

“Реформа” саясий партиясынан шаардык кеңешке талапкер болгон Клара Сооронкулова өзүнүн Facebook баракчасында шайлоо тилкелеринин биринде протокол автоматтык эсептөөчү урнанын жыйынтыгына чейин эле түзүлүп калганын айткан. ПолитКлиника медиасы бул маалыматты текшерип көрдү.

Сүрөттө протокол кечки саат 8де түзүлгөнүн, бирок автоматтык эсептөөчү урнанын жыйынтыгы саат 20дан 27 мүнөт өткөндө чыгарылганын көрүүгө болот.

Протокол түзүү тартиби кандай?

Генералдык прокуратура Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо тууралуу мыйзам долбоорун бекиткен. Аталган мыйзам Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын жана алардын кепилдиктерин аныктайт, жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө байланыштуу мамилелерди жөнгө салат.

Мыйзамдын 35-беренесинде участкалык шайлоо комиссиясы тиешелүү участокто добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протокол түзөрү жөнүндө айтылат. Ушул эле мыйзамдын 34-беренесинде аймактык шайлоо комиссиясы участкалык шайлоо комиссияларынын протоколдорунун негизинде жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоонун натыйжаларын аныктары жазылган.

Башкача айтканда участкалык шайлоо комиссиясы добуштарды санап бүткөн соң шайлоонун жыйынтыгы тууралуу протокол түзөт. Аймактык шайлоо комиссиясы протоколдордун негизинде шайлоонун жыйынтыгын аныктайт.

Жыйынтык: Шайлоонун жыйынтыгы тууралуу протокол участкалык шайлоо комиссиясы тарабынан добуштар эсептелинип бүткөндөн соң түзүлөт.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты