Бишкекте алты саясий партия 7% чектен өттү
- 3 года мурун
Баштапкы жыйынтык боюнча, Бишкек шаарлык кеңешине шайлоодо алты саясий партия 7% чектен өттү.
Бул тууралуу БШК төрайымы Нуржан Шайлдабекова брифингде билдирди.
Бишкекте 7% чектен өткөн партиялар:
«Эмгек» партиясы — 9 мандат;
«Ак Бата»-8;
НДПК- 8;
«Ата Журт Кыргызстан» -7;
«Ынтымак»- 7;
«Биздин эл»- 6 мандат алмакчы.
Жергиликтүү кеңештерге шайлоолор 11-апрелде өттү. Ал күнү өлкөдөгү 448 кеңештин, анын ичинде 28 шаардык жана 420 айылдык кеңештин депутаттары шайланат. Бул өнөктүк менен чогуу Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча референдум да өттү.
Муну бөлүшүү