БШКнын жумушчу тобуна 34 арыз келип түшкөн

  • 3 года мурун

БШКнын жумушчу тобуна 9-февралдан 10-апрелге чейин шайлоочулардан жана шайлоо процессинин башка субъекттеринен 34 арыз жана даттануулар келип түшкөн. Бул тууралуу БШКнын жумушчу тобунун башчысы Алмаз Асаналиев 11-апрелдеги брифингде билдирди.

Анын айтымында, Бишкек -15, Чүй облусу — 9, Ош облусу- 3, Баткен облусу — 3, Ош шаары — 2, Жалал-Абад облусу — 1, Талас облусу -1 даттануу түшкөн.

«6 даттануу арызы артка кайтарылды. Жумушчу топ 17 чечим кабыл алган. 3 маселе соттук териштирүүгө жөнөтүлүп, 8 маселе боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү«, — дейт Алмаз Асаналиев.

Ошондой эле, ал БШК бардык арыздарды шайлоо процессинин алкагында каралып, анын негизинде жеке арыздар укук коргоо органдарында карала тургандыгын маалымдады.

Эске салсак, бүгүн, 11-апрелде өлкө аймагында Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жана Конституциянын жаңы долбоору боюнча референдум өтүп жатат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты