​Партия логотиптери: плагиат же жөн эле окшоштук?

Кыргызстанда 11-апрель күнү өтө турчу Бишкек шаардык кеңешине шайлоого жалпысынан 25 партия катталган. Алардын логотиптери канчалык деңгээлде уникалдуу экендигин текшерип отуруп, айрымдарынан окшоштуктарды байкоого болот. Кээ бирлериники чет элдик компаниялардын логотиптери менен окшош болсо, кээ бирлериники интернетте ар кыл уюмдар тарабынан кеңири колдонулуп жүргөн сүрөттөр.

1) “Ишеним” партиясынын логотиби менен Украиналык “Lider-M” рекламалык компаниясындагы окшоштук.

2) “Биздин эл” партиясынын логотибинде тартылган сүрөт интернет айдыңында ошондой эле ар кандай уюмдар тарабынан байма-бай колдонулуп келген сүрөттөрдүн бири.

3) “Кыргызстан жашылдар партиясынын ” логотиби канчалык партиянын атына туура келгендигине карабай, ал дагы Россиялык “Альтернатива” үй жана жер тилкесин сатуу боюнча иш алып барган компаниянын,ошондой эле түрдүү өлкөлөрдүн “Gerai Insani”, “Premium”, “ FUTUREEARTH” сыяктуу майда- барат компанияларынын логотиптери менен бирдей.

4) ”Улутман” партиясынын эмблемасында көрсөтүлгөн көк жана жашыл түстөгү желекчелер Бразилиядагы “Reserve da Pipa” турак-жай комплексинин логотибинде да табылат.

5) “Социал Демократ” партиясынын логотиби да дүйнөдөгү башка көп компаниялар тарабынан ар кандай формада жана түстө колдонулуп келет.Мында алардын айрымдары гана көрсөтүлдү жана мындай окшоштуктар менен логотиптин уникалдуулугу тууралуу сөз болуусу мүмкүн эмес.

6)”Улуу-Журт” партиясы тууралуу сөз кыла турган болсок, партиянын логотиби “Tatar73.ru” редакциясынын логотиби менен куюп койгондой окшош.Ошондой эле 2014 эки партиянын биригүүсүнөн пайда болгон “Республика-Ата-Журт” партиясынын логотибинен колдонулган түстөрү менен гана айырмаланат.

7) “Кыргызстан ”партиясы оз логотибинин түсүн көк асаба менен байланыштырганына карабай, коңшу өлкө Казакстандын желеги жана ушул эле желек менен “Ынтымак” партиясынын логотибиндеги окшоштуктар көрүнүп турат.

“Ormon Branding Agency” бренддик агенттигинин директору Бермет Турсалиева плагиатты аныктоо оор экендигин айтат:

“Плагиат деп айтуу кыйын. Себеби, аны патенттен далилдеш керек. Геометрикалык фигураларды, элементтерди, өңдөрдү меники деп эч ким менчиктей албайт. Кээ бир дизайнерлер бар, бир дизайнды алып бир жагын кесип, экинчи жагын чоюп коюп эле сунуштай берет. Бирок айрым дизайнерлер чындап эле башка бирөөнүн дизайнынан илхом алып, ага окшош продукт жараткысы келет”, — деп билдирди.

Жогоруда бир канча партиянын башкы атрибуттарындагы окшоштуктарды көрдүңүздөр. Бул жөн гана дал келүүбү же партиялардын дизайнерлеринин идеясынын чабалдыгыбы өзүңүздөр баа бериңиздер.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты