​ “Ак-Бата” партиясы: Бишкектиктер 11 жыл мурун Нариман Тулеев алып берген автобустар менен жүрөт! (Манипуляция)

6-октябрь күнү, “Ак-Бата” саясий партиясы Фейсбуктагы баракчасына: “Эски автобустар? Чын элеби! Биздин партиядан озуп өтүү үчүн ойлоп тапканыңар ушулбу? Бул күлкүлүү. Бишкек дагы деле 11 жыл мурун Нариман Түлеев сатып алган автобустарда жүрөт! Белгилей кетсек, Нариман Тулеев Бишкектин мери болуп тарганда Кытайдан 200 автобусту 31 миң доллардан алып келген”? — деген билдирүү жарыяланган.

Маалыматта, Бишкектеги автобустардын жараксыз абалга келишине мериянын күнөөсү бар экени белгиленип, 12 жыл бою эч кандай ремонттоо иштери жүргүзүлбөгөнү айтылган.

ПолитКлиника медиасы бул маалыматты текшерип көрдү.

Нариман Тюлеев автобустардын айынан 11 жыл абакка кесилген

Нариман Тюлеев 2008-жылы Бишкек шаарынын мэри болуп дайындалып, бул кызматта 2010-жылга чейин иштеген. Ал, Бишкек шаарынын мэри болуп турганда 2008-жылы кытайлык «Yangzhou Yaxing Motor Coach Co., Ltd» компаниясы менен келишим түзүлүп, Кыргызстанга 200 автобус сатылып алынган.

2012-жылы, Нариман Тюлеев “коррупция” жана “кылмышка мүчөлүгү бар” деген айыптар менен кармалып, 2013-жылы 11 жылдык мөөнөткө абакка кесилген.

Аталган иш боюнча, Кытайдан автобустарды сатып алуудагы коррупциялык схемалардын эсебинен мамлекеттик бюджетке 1 миллион 400 миң доллар өлкөмүндөгү зыян келтирилгени белгилүү болгон.

Коррупцияга шектелип камалган Нариман Тюлеев 4 жыл абакта отургандан кийин, 2016-жылы мөөнөтүнөн мурда бошотулуп, мамлекетке 61 миллион сом төлөөгө милдеттендирилген.

“Мындай автобустар Кытайда чыгарылбай калган”

2018-жылы “Бишкек жүргүнчүлѳр автотранспорт ишканасы” муниципалдык ишканасынын башкы адиси Эмин Бекмуратов, 2008-жылы Кытайдан сатылып алынган автобустар үчүн керектүү тетиктерди табуу жана оңдоо абдан кымбат болоорун билдирген.

Анткени, Кытай Эл Республикасы Кыргызстанга келген автобустар экологияга чоң зыяны бар экенин белгиленип, бул автобустардын өндүрүшү токтотулган. Мындан сырткары, аталган автобустардын жарактуу мөөнөтү 5-7 гана жылды түзөт. Ал эми, азыр жарактуу мөөнөтү бүтүп калган автобустар Бишкектин Горький жана 7-апрель көчөлөрүнүн кесилишиндеги “автобустардын көрүстөнү” деп аталган жерде жыйналган.

Жыйынтык: Манипуляция.

Биринчиден, Нариман Тюлеев 2008-жылы Кытайдан автобустарды сатып алууга түздөн-түз катышкандыгы үчүн Генералдык Прокуратура тарабынан кылмыш иши козголгон. Ошондуктан 2016-жылы мамлекеттик бюджетке 61 миллион сом төлөгөн.

Экинчиден, бул автобустардын өндүрүлүшү токтотулгандыктан, тетик табуу жана оңдоо көп каражатты талап кылат.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты