​Садыр Жапаровду Өзбекстанга кимдер коштоп кетти?

  • 3 года мурун

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 11-мартта, Өзбекстан Республикасына мамлекеттик сапар менен жөнөп кетти.

Иш сапардын алкагында Президент Садыр Жапаров Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёев менен эки тараптуу сүйлөшүү жүргүзөт.

Ошону менен бирге иш сапардын жүрүшүндө Президент Садыр Жапаровдун Өзбекстандын Олий мажлисинин сенатынын төрайымы Танзила Нарбаева, Олий мажлистин миыйзам чыгаруу палатасынын спикери Нурдинжон Исмоилов жана премьер-министр Абдулла Арипов менен жолугушуусу пландаштырылууда.

Кыргыз Республикасынын делегациясынын курамы:

— тышкы иштер министри Руслан Казакбаев;

— вице-премьер-министр — экономика жана каржы министри Улукбек Кармышаков;

— Жогорку Кеңештин депутаты Азизбек Турсунбаев;

— Президенттин Аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Дастан Дүйшекеев;

—Өзбекстандагы элчи Ибрагим Жунусов;

— айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министри Аскарбек Жаныбеков;

— маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев;

— саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев;

— транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникациялар министри Гүлмира Абдралиева;

— билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев;

— энергетика жана өнөр жай министри Кубанычбек Турдубаев;

— Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Алмамбет Шыкмаматов;

— Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн Генералдык штабынын башчысынын биринчи орун басары Нурлан Кирешеев;

— Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Өмүрбек Субаналиев;

— Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев;

— Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Сабыркул Ашымбаев;

— Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жарасул Абдураимов;

— Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директору Мырзабек Жыпаркулов;

—Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Уларбек Шаршеев;

— мамлекеттик башкаруу академиясынын ректору Алмазбек Акматалиев.

Бүгүн, 11-мартта, Президент Садыр Жапаров Өзбекстанга иш сапары менен барды. Анын сапары 12-мартка чейин уланат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты