Референдум дайындоо тууралуу мыйзам долбоору регламентти бузуу менен күн тартибине киргизилди

Бүгүн, 10-мартта, Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Бактыбек Турускулов Конституция долбоорун кабыл алуу боюнча референдум дайындоо тууралуу мыйзам долбоорун 2-3-окууда күн тартиби каралып бүткөндөн кийин киргизүүнү сунуштады. Сунуш кабыл алынып, өтүп кетти.

Депутат Жанар Акаев бул сунушка каршы чыгып, Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында референдум тууралуу мыйзам долбоору күн тартиби бекитилип калгандан кийин сунушталганына каршы чыкты. ЖК регламенти бузулганын белгиледи.

-Күн тартибин бекитип койдук. Маселени кароого кириштик. Мындан кийин жыйындын күн тартибине өзгөртүү киргизүүгө болбойт, — деди ал.

-Биринчи окууда кабыл алууда көпчүлүк депутаттар жыйында жок болчу, Түрмөдө олтургандар да кол коюп калган. Биринчи окууга кайра кайрылып келишибиз керек. Болбосо шерменде болобуз, — деди Жанар Акаев.

Депутат Дастан Бекешев Конституция долбоорун өтө билимсиз киши жазганын айтып, келечекке зыяны тие турганын, биз «мыйзам менен эмес, түшүнүк менен жашап калганыбызды» эскертти.

Рыскелди Момбеков референдум тууралуу мыйзам долбоорун мындай тартипте карабаш керек экенин, регламенттин 85-беренеси бузулуп жатканын, Конституция долбоорунун авторлору толук табылбай жатканда, Конституция долбоору боюнча референдум дайындоо мыйзам долбоорун шашылыш карабаш керектигин айтып чыкты. «Жакшы болсун, бирок мыйзам менен кетели» деген сунушун айтты.

Депутат Бакыт Төрөбаев Конституция долбоорун кабыл алуу боюнча референдум дайындоо тууралуу мыйзам долбоорун карап жатканда Президентти чакыруу керектигин сунуштады.

Депутат Умбеталы Токторалиев бул Конституция долбооруна эмне мынча каршылык болуп жатканы боюнча суроо салды.

Төрага Талант Мамытов узурпация буга чейин деле болуп, кайсы Президент болбосун жоопкерчиликтен качып келгенин, азыр Президент жоопкерчилик алып жатканын айтты. Референдум тууралуу мыйзам долбоору жыйынга чыгарлыпып жатканда каршы чыгуу туура болбосун белгиледи.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты