​Кыргызстанда жер титиреди

  • 3 года мурун

5-мартта Кыргызстанда очогунда күчү 3 баллга жеткен, 6-мартта очогунда күчү 4,9 баллга жетип жер титиреди.

Кыргызстандын сейсмология инситутунун маалыматына караганда, 5-марттагы жер титирөөнүн очогу Ахтала, Таргалак, Сопу-Коргон айылдарында болду. Актала, Таргалакта 3 балл, Сопу-Коргондо 2,5 балл болду.

Ал эми 6-мартта ТАСС Казакстандын сейсмологиялык станциясынын маалыматына таянып, Кыргызстанда 4,9 балл жер титирөө болгонун билдирди.

6-марттагы жер титирөөнүн очогу Кыргызстандын аймагында болгону айтылды. Алматы шаарынын түштүк—чыгышынын 95 чакырымында жана 5 чакырым тереңдикте болгон.

Иллюстрациялоык сүрөт.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты