Жапаров иш сапары менен Орусияга кетти. Делегация курамында кимдер бар?

  • 3 года мурун

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 24-февралда, биринчи чет элдик иш сапары менен Россия Федерациясына кетти.

Жапаров Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.

Ошондой эле Россия өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин, Федерация Кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко жана Мамлекеттик Думанын Төрагасы Вячеслав Володин менен эки тараптуу жолугушуулары пландаштырылган.

Мындан тышкары, Россиянын бизнес-коомчулугу, ошондой эле Россиядагы мекендештер жана студенттер менен жолугушуу күтүлүүдө.

Кыргыз Республикасынын делегациясынын курамы:

— тышкы иштер министри Руслан Казакбаев;

— Президенттин аппаратынын жетекчиси Сүйүнбек Касмамбетов;

— биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков;

— вице-премьер-министр — экономика жана каржы министри Улукбек Кармышаков;

— Президенттин аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Дастан Дүйшекеев;

— Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Гүлнара-Клара Самат;

— коргоо министри Таалайбек Өмүралиев;

— саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев;

— өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев;

— айыл, суу чарба жана аймактардын өнүктүрүү министри Аскарбек Жаныбеков;

— транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникациялар министри Гүлмира Абдралиева;

— энергетика жана өнөржай министри Кубанычбек Турдубаев;

— Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча мамлекеттик агенттигинин директору Алмамбет Шыкмаматов;

— Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Кабыл Абдалиев;

— Бишкек шаарынын мэринин м. а. Бактыбек Кудайбергенов.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты