​Японияда жер титирөө 7,3 баллга жетти

Японияда 13-февралда очогунда 7,3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Япония метерологиялык башкармасынын айтымына караганда, жер титирөөнүн очогу өлкөнүн түндүк-батышында жайгашкан Фукусима префектурасында болду.

Тынч океандын түндүк чыгышында, Фукусима префектурасындагы жер титирөө 13-февралда жергиликтүү саат 23:08де болду. Жер титирөөдөн 150дөй киши жабыр тартты.

Метеобашкарма цунами болору тууралуу алдын ала эскерткен, бирок кыйроо болбой турганын белгилеген. Кийинчерээк цунами болбой турганы кабарланган. Ошентсе да коомдук телеканал аркылуу океан жээгине жакын барбоо тууралуу билдирүүлөр болуп жатат.

Жергиликтүү маалыматтарга таянып, бул тууралуу ТАСС агенттиги билдирди.

Өлкөдө кризистик штаб түзүлдү.

Премьер-министр Ёсихидэ Суга жер титирөөдөн анча деле көп адам жабыр тартпаганын айтты. Бирок жер титирөө кайталанып калышына даяр болуп, үйдөн чыкпоо тууралуу эскертүү берилди.

Фукусимадагы атом электр станциясы жабыр тартпаганы билдирилди.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты