Жапонияда жер титирөөдөн улам курман болгондордун саны 126га жетти

  • 4 месяца мурун

“Киодо”  агенттигинин билдирүүсүнө шилтеме берип, Интерфакс агенттиги билдиргендей, Японида жер титирөөдөн улам курман болгондордун саны 126 кишиге жетти, 210 адам дайынсыз болууда.

Буга чейин 100 адам жер титирөөдөн улам каза тапканы айтылган. Вадзиме шаарынын бийлиги урандылар алдында адамдар жатышы мүмкүн экенин белгиледи.

Исикава префектурасында куткаруу иштери жүрүүдө, бирок жолдор талкалангандыктан жана метеошарттан улам кыйынчылык келүүдө. Исикавада 32 миңден ашык адам эвакуациялоо борборунда турат. 66 миңден ашуун үйдө суу берүү калыбына келе элек, электр байланышы да үзгүлтүк менен берилүүдө.

Дүйшөмбү күнү Жапониянын Исикава префектурасында күчү 7,6 баллга жеткен жер титирөө болгон. Жер бир нече жолу силкинип, миңдеген имарат, он миңдеген үй, унаа каражаттары, кайыктар талкаланган.

Ишемби күнү эртең менен Ното аймагында 5,3 балл болгон жер титирөө катталды.

Сүрөт: Reuters  

   

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты