ӨКМ: Кыргызстанда жер титирөө кайталанат деген маалымат чындыкка дал келбейт  

  • 3 месяца мурун

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык,  23-январь түнү, саат 00:09да Кыргыз Республикасынын аймагында жер титирөө катталган.

Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ)  кабарлады.  

«Жер титирөө Ысык-Көл облусунун Каракол, Нарын облусунун Нарын шаарларында, Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Кажы-Сай айылында 4 баллга чейин сезилген. Алдын ала маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок. Учурда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери жер-жерлеринде маалымат топтоп, тиешелүү иш-чараларды жүргүзүүдө» деп айтылат маалыматта.

ӨКМ мындай деп эскертти:

“Урматтуу жарандар! Социалдык тармактарда жер титирөөнүн кайра катталышы мүмкүн экендиги тууралуу тарап жаткан фейк маалыматка ишенбөөгө жана дүрбөлөңгө түшпөөгө чакырабыз” деп эскертти ӨКМ.

Буга чейин жер титирөө болгондугу тууралуу айтылып, очогунда күчү 6,,2 болгондугу расмий эмес айтылган.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты