Сот Райымбек Матраимовго 260 миң сом айып салуу чечимин чыгарды

  • 3 года мурун

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда коррупция беренси боюнча бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовду күнөөлүү деп таап, 260 миң сом айып салуу чечимин чыгарды. Матраимовдун мүлкү камактан чыгарылды.

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда прокурор Бердибаев Райымбек Матраимовго 260 миң сом айып салуу керектигин билдирди. Себеби ал ал күнөөсүн мойнуна алып, келтирилген зыянды төлөп берген.

УКМК 2020-жылдын 17-октябрында бажы кызматындагы коррупция фактылары боюнча кылмыш ишин козгоп, анын алкагында 20-октябрда Райымбек Матраимовду кармаган.

УКМК Матраимов жана бажыдагы башка кызмат адамдары 2016-жылдын башында бажы системасында коррупциялык схема түзүшкөнүн, бул схема азыркыга чейин иштеп турганын билдирген. Ошол эле күнү мекеме кылмышка шектүүнү үй камагына чыгарып, муну мамлекетке келтирилген 2 миллиард сом чыгымды төлөп берүү жөнүндө убадасы менен негиздеген.

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев маалымат жыйынында Райымбек Матраимов мамлекетке 2 млрд сомду кайтарып бергенин, анын 1,4 млрд сомун акчалай жана 600 млн сомун мүлк түрүндө, 9 квартира жана соода борборун кайтарганын айткан.

«Азаттык» радиосу, «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө» долбоору (OCCRP), анын Кыргызстандагы өнөктөшү «Kloop» медиасы чогуу жүргүзгөн «Бажыдагы миллиондор: карактоо жана калкалоо», «Көмүскө акча ташыгандар кербени» деген иликтөөлөр жарыяланган. Иликтөөдө ал иштерге Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун тиешеси болушу ыктымал экени айтылган.

Андан кийин OCCRP, Kloop, Bellingcat жана “Азаттык” радиосунун биргелешкен бир нече иликтөөсү.жарык көрүп, анда Матраимовдун байлыгынын, кылмыштуу топ менен байланышынын бети ачылган.

АКШ каржы министрлиги Райымбек Матраимовго Магнитский Глобалдык мыйзамынын негизинде санкциялар киргизерин жарыялаган.

АКШнын Мамлекеттик департаменти Кыргызстандын Бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимовго кошуп, анын жубайы Уулкан Тургунованы да «Магнитскийдин тизмесине» киргизди.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты