​Радиожыштык маселеси боюнча “Скай Мобайл” экс-башкы директору кармалды

  • 3 года мурун

2-февралда жазык кодексинин 319-беренесинде (коррупция) каралган кылмышка шектелип, «Скай Мобайл» ЖЧКсынын мурдагы башкы директору Евгений Кражан кармалды, Ал УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Ал аталган ЖЧКнын жетекчиси болуп турган мезгилде бул компаниянын кызыкчылыгын көздөп, радиожыштык спектрин пайдаланууга берилген лицензияны кайра каттоо жана трансформациялоого көмөк көрсөтүү максатында өкмөттүн жогорку кызмат адамына пара бергендиги аныкталган.

Аскер прокуратурасы жана УКМКнын антикоррупциялык кызматынын ведомстволор аралык тергөө тобу тарабынан радиожыштык спектрин пайдаланууга берилген лицензияны кайра каттоо жана трансформациялоодогу коррупция фактысы боюнча тергөө жүргүзүлүүдө.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты