​Радиожыштык укугуна лицензия берүү маселеси боюнча байланыш агенттигинин экс-жетекчиси кармалды

  • 3 года мурун

Мамлекеттик байланыш агенттигинин мурдагы жетекчиси мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдөгү материалдык зыян келтиргендиги боюнча шектелүүдө

Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

2021-жылдын 1-февралында Аскер прокуратурасы тарабынан мамлекеттик байланыш агенттигинин мурдагы жетекчиси Ч.Б. жазык кодексинин 319-беренеси (коррупция) менен кылмышка шектелип кармалып, Бишкек шаарынын ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Ал мамлекеттик жогорку кызмат орундарды ээлеген аткаминерлер жана коммерциялык уюмдун өкүлдөрү менен кылмыштуу сүйлөшүүгө барып, өзүнө жана башкаларга мыйзамсыз материалдык пайда табуу максатында, ыйгарым укуктарын мамлекеттик кызматтын кызыкчылыгына каршы пайдаланып, 2016-жылдын декабрь айында байланыш операторуна телекоммуникация жана мааалымат берүү кызматтарын көрсөтүү үчүн радиожыштык спектрин пайдалануу укугуна лицензияны берип жиберген.

Ошол эле учурда, ушундай эле радиожыштык спектри 298 млн. 803 миң сомду түзүп сатылгандыгына карабастан жогорудагы берилген лицензиянын баасы болгону 1000 сомду түзүп, мамлекетке ири өлчөмдөгү материалдык зыян келтирилген.

Аталган ишке тиешеси бар башка жагдайларды аныктоо боюнча тийиштүү тергөө аракеттери улантылып жаткандыгы айтылды.

Байланыш агенттигинин мурдагы жтекчиси Чыңгыз Бекташов болчу.

Жыштык сатуу маселеси боюнча Ala TV каналынын директорунун орун басары, УКМКнын эки кызматкери, байланыш агенттигинин мурдагы башчысы Наталья Черногубова, анын орун басары камалган.

Жогорку Кеңештин депутаты Жанарбек Акаев 2020-эыды 20-майда парламенттин жалпы жыйынында жыштык сатуу боюнча дээрлик 5 млрд сом мамлекеттик бюджетке түшпөй калганы жана бул коррупциялык иште ошол кездеги премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев катыштыгы жок экенин далилдесин деп билдирген.

Өкмөт депутат Жанарбек Акаевдин премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин байланыш чөйрөсүндөгү мыйзам бузууларга тиешеси бар деген билдирүүсү негизсиз деп маалымат тараткан.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты