"Пур-пур" кафесинен өрт чыкты

Видео

22-январда түнү Бишкекте Абдымомунов көчөсүндөгү грузин тамактарынын “Пур-пур” кафесинен өрт чыкты.

Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Өрт түнкү саат 1:39 да башталып, саат 4 :13 тө өчүрүлгөн. Өрттөн кафенин 200 чарчы метр чатыры, эмеректер күйгөн.