Жээнбек Куленбеков: Изилдөө Бишкекте абанын булганышынын үч негизги булагын көрсөтүүдө (ВИДЕО)

«ПолитКлиника» медиасынын «Сереп» берүүсүндө табигый илимдердин доктору Жээнбек Куленбеков Бишкектеги абанын сапатын текшерүү боюнча изилдөөнүн жүрүшү жана булгануунун негизги булактары тууралуу айтып берди.

— Абанын булганышынын пайыздык катыштары, адамдын ден соолугуна таасири боюнча изилдөөлөр жүрүүдө. Бул иш былтыр ноябрда башталган.

Кыска аралыктын ичинде, биринчи жыйынтыктарды чыгара баштадык. Белгилей кетсек, абанын булганышынын негизги булактары болуп, бул автоунаалардын саны, ошолордон чыккан булганыч газдар. Абанын булганышынын көп бөлүгү аларга тиешелүү. Экинчи орунда жаңы конуштар жана жеке менчик үйлөрдүн көмүр жагуусу же дагы башка уулуу пластика, кездеме ж.б. нерсени жагуусу. Андан кийин биздин Жылуулук электр борбору, ТЭЦ, себепчи болууда. Абанын булганышынын үч негизги булагы ушулар болуп жатат, -деди Жээнбек Куленбеков изилдөөнүн алдын ала жыйынтыктары тууралуу.

Кененирээк видеодо.

Сүрөт:»ПолитКлиника»

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты